Мушташтын айынан аскердик лицейден чыгарылган курсанттар кайра окуусун улантууда

Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин 13 курсантын «ата-энелеринин өтүнүчү боюнча» окууга кайра киргизилди. Лицейчилер Бишкектеги Жал кичирайонунун жашоочулары менен жаңжалдашып кеткен соң окуудан чыгарылган.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик билим берүү башкармалыгынын начальниги Талгат Саалаев айрым курсанттардын үй-бүлөсүндөгү «оор шартка байланыштуу» урушка катышкандардын баарын жетекчилик окууга кайра кабыл алганын «24.kg» басылмасына маалымдаган.

«Алардын ата-энелери мындай өтүнүч менен Коргоо иштери боюнча мамкомитеттин төрагасына  бир канча жолу кайрылышкан. Аларды калыбына келтирүү боюнча чечим бардык курсанттарга, же эч бирине карата кабыл алынат», — деп келтирет «24.kg» Саалаевдин сөздөрүн.

Саалаев уруштун чыгышына жол берген офицерлерге карата да дисциплиналык чара колдонулганын айтып, бирок кандай чара экенин тактаган эмес. Буга чейин 20-февралда жаңжалдан улам лицейдин начальниги Мурат Бейшенов кызматтан кеткени белгилүү.

Аскердик лицейдин курсанттары менен Жал кичирайонунун тургундарыны ортосундагы уруш 4-февралда болгон. Милиция чыр-чатак жергиликтүү компьютердик клубга эки лицейчи келгенде болгонун айткан.

Кийин чыр-чатак сыртта уланып кеткен. Жерине барган милиция алты кишини кармаган, кармалгандардын арасында бир офицер да болгон.

Андан соң лицейдин администрациясы «лицейчилер менен тургундардын ортосунда эч кандай мушташ болбогонун» билдирип, 8-февралда 13 курсантты кайра окууга кире албай турган кылып лицейден чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: