ТИМ: Алматыда кармалган кыргыз депутатынын казак жарандыгы бар

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өздөрүнүн казак кесиптештеринен кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экени боюнча маалымат алганын тастыктады. Эл өкүлү Алматыда аткезчиликке шектелип кармалган.

ТИМдин алдындагы маалымат борборунун директору Муратбек Азымбакиев «Клооптун» кабарчысына Казакстандын ТИМнен нота алганы боюнча маалыматты тастыктады — казак мекемеси билдиргендей, Асылбек уулунун казак жарандыдыгы да бар.

«Биз казак кесиптештерден нота алдык. Казакстандын ТИМи Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин расмий тастыктады», — деди Азымбакиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Клоопко» эгерде кош жарандуулук боюнча маалыматты расмий тастыкташса БШК Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыратышы мүмкүндүгүн айтты.

«Эгерде БШКга кармалгандын кош жарандуулугу бар экени боюнча расмий документтер түшсө, анда мекеменин депутаттын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негизи болот», — деди Бекматов.

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулун 16-февралга караган түнү кармашкан — Казакстандын башкы прокуратурасы депутатты аткезчиликке шектөөдө.

Кыргыз депутатын жана эки кыргызстандыкты атайын операциянын жүрүшүндө Казакстандын күч түзүмдөрү камакка алышкан — бул туурасында Казакстандын башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Оксана Лоскутова маалымдаган.

Лоскутованын айтымында, шектүүлөр Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

Кыргыз парламентинин спикери Дастан Жумабеков 21-февралда Казакстандын бийлигинен Жогорку Кеңештин депутаттыры өз кесиптешинин кармалышы боюнча ишине кийлигишпейт деген мурдагы билдирүүсүнө карабастан, Казакстандын бийлигинен кармалган депутат менен жолугушуу уюштуруп берүүнү суранган.


ТЕМА БОЮНЧА: