Жалал-Абад милициясы: Атасы мас абалда алты кишини бычактады, арасында өз уулу да бар

Жалал-Абад облусунун Базар Коргон районунда мас абалдагы киши алты адамга «кол салды». Жабырлануучулардын бири каза болуп, бешөө ооруканага жаткырылган — алардын арасында «бычактаган» атанын алты жашар баласы да бар.

Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылында 21-февраль күнү спирт ичимдигин колдонгон 34 жаштагы ата мурдагы аялынын үйүнө кирип барып, алты адамды «бычактаган». Бирөө оор жана бешөө жеңил жараат менен райондук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бири ооруканада каза тапкан.

Жаракат алгандардын арасында «кол салган» кишинин мурдагы жубайы жана алты жашар баласы бар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Самара Кыдырова «Клоопко» билдиргендей, жакындарын «бычактаган» киши 22-февралда качып жүргөн жеринен Сейдикум айыл аймагынан кармалган.

«Өзгөн районунун тургуну 21-февралда мас абалында Базар-Коргондо жашаган мурдагы кайын журтунунун үйүнө кирип барып, өзүнүн алты жашар баласын, мурдагы колуктусун, анын эки тууганын жана жардамга келген эки кошунасын бычак менен жаралаган. Жараат алган кошуналарынын бири ооруканада каза болгон», — деди Кыдырова.

Басма сөз катчы маалымдагандай, кармалган жаран буга чейин бир нерче жолу «уурулук жасагандыгы үчүн» шарттуу соттолгон.

Базар-Коргон РИИБи айыпталуучуга карата «өзгөчө макаачылык менен адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, эки айга райондук убактылуу тергөө абагына камакка алды.


ТЕМА БОЮНЧА: