Жогорку сот журналист Карабековду Жээнбековго 5 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Жогорку сот журналист Кабай Карабековдун иши боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Ал «ар-намыс, карыдыр-барк жана  ишкердик беделге зыян» келтиргени үчүн президент Сооронбай Жээнбековго 5 млн сом кун төлөп бериши керек.

Жогорку соттун басма сөз кызматы бул туурасындагы маалыматты «Клооптун» кабарчысына тастыктады.

Жогорку сот «24.kg» басылмасы жарыялаган мурдагы депутат Кабай Карабековдун макаласын «президент Жээнбековдун ар-намысы жана кадыр-баркына доо кетирген» деп тааныды.

Бишкек шаардык соту 2017-жылдын декабрында Карабеков менен «24.kg» басылмасын Жээнбековго 5 млн сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бирок 2018-жылдын февралында ал доо арызын артка чакыртып, «24.kg» басылмасынан 5 млн сом кун өндүрүүдөн баш тарткан.

Жээнбековдун арызы

Жээнбеков басылма менен мурдагы депутат Карабековго каршы арзыды 2017-жылдын 21-сентябрында президенттикке талапкер катары чыгып жаткан кезинде берген.

Макала басылманын сайтына 11-сентябрда чыкка — материалда Карабеков «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы, анын ичинде Орусияда террористтик уюм деп таанылган Арабиянын "Социалдык реформалардын коомчулугу"» жөнүндө жазган.

Саясатчы Карабековдун «...Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон ыктымал тыгыз байланышы» жөнүндө сөздөрүн чындыкка коошпогон, ар-намыс менен кадыр-баркка жана ишкердик беделге шек келтирген деп таанууну талап кылган.

Жээнбеков ар бир жоопкерден моралдык зыян үчүн 5 млн сомдон кун төлөп берүүнү талап кылган. Ал учурда саясатчынын шайлоо алдындагы штабын жетектеп турган Фарид Ниязов доо арыздардын өлчөмүн «жогорулатылган эмес» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: