Бишкек шаардык соту клубда кийимсиз бийлеген диджей кызды бошотту

Бишкек шаардык соту «Ретро Метро» клубунда кийимсиз бийлегени үчүн кармалган диджей Юлия Михайлованы бошотууну буйруду. Мурдараак Биринчи май райондук сот аны беш суткага камоо токтомун чыгарган.

«24.kg» басылмасы билдиргендей, Бишкек шаардык сотуна мурдагы инстанциянын чечимине Михайлованын юристтери арыз менен кайрылышкан.

Бишкек милициясы Михайлованы 21-февралда «майда бейбаштык» үчүн камакка алган. Диджей кызды кармоого анын «Ретро-Метро» клубунда ачык төшү менен бийлегени негиз болгон. Милиция ошондой эле, клубдун администраторуна 1,5 миң сом штраф салып, аны сегиз сааттык коомдук жумушка тартуу токтомун чыгарган.

Михайлованын фотосүрөттөрү коомдук желелерде 18-февралда пайда боло баштаган — колдонуучулар «Ретро-Метродогу» кечеде кийимсиз бийлеген диджей кыздын сүрөттөрүн жарыялашкан. Сүрөттөрдө ал ачык төшү менен бийлеп жүргөнү тартылган.

Диджейдин пультунда кийимсиз бийлеген бир эркек бала да болгон. Ага кандай чара колдонулганы боюнча маалымат жок.


ТЕМА БОЮНЧА: