Казакстанда Кыргызстандан чыккан кичинекей балдардын ууландыруучу кийимдери табылды

Астана телеканалынын жаңылыктарынан скриншот

Кыргызстандын жеңил өнөр жай ассоциациясынын башчысы кыргыз продукцияларынын «аброюн түшүрүү» үчүн уулуу кийимдердеги маркировканы жасап коюшу мүмкүн деп эсептейт. Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) эгерде курамында формальдегид бар кичнекей балдардын кийими Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөнү далилденсе кызматтык иликтөө жүргүзүүнү убада кылды.

Кыргызстандын жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов билдиргендей, уулуу заттары бар буюмдардын сыртка чыгарылышын Кыргызстандын тигүү тармагынын аброюн түшүрүү максатында «атайын уюштуруп» коюулары мүмкүн.

«Кичинекей балдардын кийимин чыгаруу бизде катуу көзөмөлгө алынат. Кийим-кече  өлкөдөн сыртка сертификатсыз чыгарылбайт. Бизге деле "Кыргызстандан жасалган" деген белги менен Кытайдан көп эле кийим-кече келет. Казакстан, Россия менен 20 жылдан ашык убакыттан бери иштешип келебиз. Бул аралыкта биздин товарларга карата бир дагы даттануулар келген эмес. Менин оюмча бирөө биздин аброюбузга шек келтириш үчүн муну атайын эле жасады», — деп билдирген ал «Спутник» басылмасына.  

Ошол эле учурда Асанов киймдер Кыргызстандын аймагында көмүскө цехтерде да тигилиши мүмкүндүгүн четке каккан жок. Бул нерсени казак тарап да четке каккан жок.

«Биз кийимдер Кыргызстандын ири фабрикаларында тигилген деп айта албайбыз. Ооба, анда "Кыргызстанда жасалган" деген белги бар, бирок, алар көмүмкө жайларда тигилиши да ыктымал. Ошондуктан биз шашылма жыйынтыктарды чыгара албайбыз», — деди Караганда облусунун Коомдук ден соолукту коргоо департаментинин жетекчиси Юрий Залыгин.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти азырынча кийим Кыргызстанда тигилген деп ырастоого болбойт деп эсептейт. Мекеме эгерде маалымат тастыкталса «бул ишти тыкыр көзөмөлгө» алууну убада кылды.

Саламаттык сактоо министри да эгерде уулдандырган заттары бар кийимдер Кыргызстанда өндүрүлгөнү далилденсе маселени колго алууну убада кылууда.

«Мен бул Кыргызстандыкы экени боюнча расмий сурам алаарым менен конкреттүү чара көрөм. Мен муну жөн калтырбайм. Албетте, эгер бул далилдене турган болсо, мен кызматтык иликтөө жүргүзүп, жада калса прокуратурага өткөрүп берем. Кыргызстанды айыптоо болуп калбашы үчүн расмий сурам болушу керек», — деди Талантбек Батыралиев.

Курамында формальдегид жана «Кыргызстанда жасалган» делген белгиси бар кичинекей балдардын кийимдери Карагандада табылган. Уулуу товар сатуучулардан алынып, ал эми аларга дээрлик 2 млн тенге өлчөмүнчө штраф салынган.

«Кыргызстандын өндүрүмүнөн чыккан кичинекей балдардын кийимдеринде формальдегиддин жогору болгону жана ошондой эле, материалды колдонуу жана гигроскопиялыгы боюнча дал келбөөчүлүктөр аныкталган. Бул балдардын саламаттыгына олутту коркунуч жаратат. Продукциялардын көпчүлүк бөлүгү Алматы жана Бишкек шаарларынын базарларынан киргизилген», — деди Залыгин.