Бишкек мэриясы бир тонна бешбармакты Ала-Тоо аянтында белендөөгө тыюу салды

Бешбармак. Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаарынын бийлиги борбордун аянтта тамак-аш жасоого тыюу салууну санитардык талаптарга жооп бербеши жана коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү. Гиннес китебине кирүүсү үчүн даярдалып жаткан бир тонна бешбармак «Аю Гранд Комфорт» соода борборунун аянтында жасалаары белгилүү болду.

Иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева «Азаттык» үналгысына курган маегинде, аларга башка жерлерди карап көрүүнү Биринчи май райондук администрациясы сунуштаганын айтты.

«Алар башкы аянтта тамак-аш жасап, таратууга тыюу салынган деп түшүндүрүштү. Ошондой эле алар өз өтүнүчтөрүн санитардык жана коопсуздук чаралары менен түшүндүрүштү. Биз сунушту түшүнүү менен кабыл алдык», — деди Кулуева.

Бишкек мэриясы кошумчаландай, иш-чараны өткөрүү транспорт кыймылына жана шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпашы керек.

Башында иш-чаранын уюштуруучулары бир тонна бешбармак жана 100 метр чучукту 5-марттагы ак калпак күнүнө карата даярдоону пландап жатышкан, бирок иш-чараны 11-мартка жылдырышты. Бешбармак «Аю Гранд Комфорт» соода борборунун аймагында жасалат.

«Малдарды союу, камыр жана чучуктар башка жерде даярдалат, ал эми соода борборунун жанында тамак-аштын өзү гана жасалат. Андан соң баардык каалоочуларга даам сыздырабыз», — деп келтирди «Кактус» басылмасы Кулуеванын айткандарын.  

Беш бармак жасоо үчүн 5 жылкы союп, 10 мүшөк ун колдонуу пландалууда. Аны бышырууга 50 аял жоопту болот. Бир тонна бешбармак бышыруу үчүн аларга 15 казан керектелет.

Уюштуруучулар эң чоң беш бармак бышыруу аркылуу Гиннес китебине кирүүнү пландашууда. 2015-жылы Астанада 736,5 киллограм тамак-аш жасалып, бул жетишкендик да рекорд болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: