Исаков жол кырсыгынан кийин бутунан айрылып калган кызга 100 миң сом бөлдү

Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыгынан жабыркаган кичинекей кыздын атасына 100 миң сом бөлдү. 9-февралда кичи автобус анын аялы менен кызын сүзүп кеткен, андан соң аял каза болуп, ал эми эки жаштагы бала бутунан айрылып калган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков премьер-министрдин резервдик фондунан жабыркаган үй-бүлөөгө 100 миң сом бөлүп берүүнү буйруган.

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» журналистине Исаков каргашалуу окуя жөнүндө жаңылыктардан укканын айтты. Кабылованын айтымында, кыздын атасы акча каражатын бул аптада ала алат.

«Эгерде формалдык кыйынчылыктар болуп калса, кыздын атасы акчаны кийинки аптада алып калат», — деп белгиледи басма сөз катчы.

Жол кырсыгы 9-февралда Бишкектин Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кичи автобус жөө кыяда баласын көтөрүп турган аялды өз маалында токтогонго үлгүрбөй калып сүзүп кеткен.

Ооруканага жаткырылгандан кийин жабыркаган аял эс учуна келе албай каза тапкан, ал эми анын эки жашар кызы да бейтапканага «өтө оор абалда» жеткирилген. Врачтарга анын бир бутун ампутациялоого туура келген.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына жол кырсыгынын күнөөкөрү тергөө изоляторуна камакка алынып, ага карата «Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол кыйымыл эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: