Кара-Суунун тургуну өз үйүндө киши колдуу болду

Оштун Кара-Суу районунда 25-февраль күнү 54 жаштагы тургунду өз үйүнөн өлтүрүп кетишти. Учурда кылмышкер изделүүдө.

Шарк айыл аймагында 54 жаштагы тургунду 25-февраль күнү кечинде белгисиз бирөөлөр өз үйүнөн өлтүрүп кетишкенин Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» маалымдады.

«Кылмыш болгон күнү маркум үйүндө жалгыз болгон. Сөөккө кароо жүргүзүлгөндө, башынын арткы бөлүгүндө айрылган жаракаттар бар экени байкалган», — деди басма сөз катчы.

Аширбаевдин айтымында, маркум Орусиянын темир жол кызматында ширетүүчү болуп иштеп жүргөн.

«Ал 2017-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга келген экен. Аялы Түркияда эмгектенет деген маалымат бар», — деп токтолду Аширбаев.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, учурда тергөө тобу түзүлүп, кылмыштын бетин ачуу иштери жүрүүдө. Кылмышкер кармала элек.


ТЕМА БОЮНЧА: