Казакстанда кармалган депутаттын атасы баласы Кыргызстанда туулганын айтып чыкты

Парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Асылбек Супатаев билдиргендей, анын баласы — парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулу — Казакстанда эмес, Кыргызстанда туулган. Асылбек уулун Алматыда аткезчиликке шектеп колго тушүрүшкөн, кийинчерээк казак бийлиги кыргыз депутатында казак жарандыгы бар экенин билдирген.

«Турмуш» басылмасы 26-февралда Казакстанда кармалган парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаевдин маеги жазылган видео жарыялады.

Супатаев билдиргендей, анын баласы Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанда туулган жана анын казак жарандыгы жок.

«Мен кыргызмын, уулум Кыргызстанда туулган. Караколдогу кичи райондо чоңойду. Кантип казак жараны болот?... Спорт менен башка мамлекеттерге баргандыр, бирок барган мамлекеттин жараны болуп калбайт», - деп билдирди ал.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев 23-февралда журналисттерге Асылбек уулу Казакстандын жараны экенин кабарлаган.

Анын айтымында, Асылбек уулу Жамбыл облусунун Кордай районунда туулган жана анда туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде берилген казак паспорту бар. Ал 2010-жылы паспортун жаңырткан, анткени эски паспортунун жарактуу мөөнөтү бутүп калган.

Расмий өмүр таржымалана ылайык, Асылбек уулу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган жана анын кыргыз жарандыгы бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов комиссия Асылбек уулунда чындыгында эле казак жарандыгы бар же жогун тастыкташ үчүн Казакстандага сурам жөнөткөнүн билдирген.

БШК комиссияга Казакстандан документтер түшөөрү менен Асылбек уулун мандаттан ажыратуу боюнча чечим чыгарат.

Кыргыз депутатын жана эки кыргызстандыкты атайын операциянын жүрүшүндө Казакстандын күч түзүмдөрү камакка алышкан — бул туурасында Казакстандын башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Оксана Лоскутова маалымдаган.

Лоскутованын айтымында, шектүүлөр Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: