Саламаттык сактоо министрлиги кездемелерди уулуу заттардын бар же жогуна текшерет

Астана телеканалынын жаңылыктарынан скриншот

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кийим өндүрүүчүлөрдүн жана кездеме сатуучулардын продукцияларын уулуу заттардын бар же жогуна текшере баштады. Текшерүүлөр Казакстанда курамында формальдегид бар Кыргызстандын кийимдери табылгандан кийин башталды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин кызматкерлери «Дордой» жана «Мадина» базарларындагы кездемелердин үлгүлөрүн лабораториялык текшерүүлөр үчүн алышат. Мындан тышкары, адистер кичинекей балдардын жана чоң кишилердин кийимдерин тиккен өндүрүүчүлөрдү текшеришет.  

«Маселе кийим тигүү үчүн кездемелер Кыргызстанга негизинен Кытайдан жана Түркиядан келип жатканында болууда. Зыяндуу заттар ошол кездемелерде болушу ыктымал», — деп билдирди «Клоопко» департаменттин директору Төлөн Исаков.  

Ошондой эле, ал 2017-жылы департаменттин кызматкерлери өлкө боюнча кийимдерде зыяндуу заттар бар же жогун аныктоо үчүн 85тен ашуун анализ жүргүзүшкөнүн кошумчалады, бирок алар нормадан четтөлөр болгонун аныкташкан эмес.

Казакстандын «Тенгриньюс» басылмасы 23-февралда билдиргендей, Караганда шаарынын базарларынын биринде санитардык врачтар текшерүү учурунда «Кыргызстанда жасалган» деген белгиси бар кичинекей балдар үчүн тигилген кийимдердин курамында формальдегид бар экенин аныкташкан.

Уулуу товар сатуучулардан алынып, ал эми аларга дээрлик 2 млн тенге өлчөмүнчө штраф салынган.

Караганда облусунун Коомдук ден соолукту коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгин сатуучулардан алынып коюлган кийимдер «көмүскө шарттарда» жасалы мүмкүн деп айткан.

Кыргызстандын жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Сапар Асанов уулуу заттары бар буюмдардын сыртка чыгарылышын Кыргызстандын тигүү тармагынын аброюн түшүрүү максатында «атайын уюштуруп» коюулары мүмкүн деп билдирген.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да эгерде уулдандырган заттары бар кийимдер Кыргызстанда өндүрүлгөнү далилденсе маселени колго алууну убада кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: