Батыралиев «Кыргыз Туусу» гезитине каршы арызын чакыртып алды

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев

Саламаттык сактоо министри (ССМ) Талантбек Батыралиев врачтар менен өкмөттүн «Кыргыз Туусу» гезитине каршы арызын чакыртып алды. Батыралиев «мыйзам бузуу» жана «тажрыйбасыз чечимдер» боюнча айыптоолордун айынан врачтар менен соттошкону жаткан.

Министрликтин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Батыралиевдин арызы артка чакыртылганын тастыктады. Анын айтымында, доо арыз артка чакыртылган, анткени азырынча соттун болгон окуяга карата текшерүүсүнүн жыйынтыктары жок.

«Азырынча бул окуяга ким күнөөлүү экени дайынсыз. Сот текшерүүнүн жыйынтыктарын сурады, бирок азырынча алар жок. Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери бул кайрылууга кол коюшпагандарын билдиришти», — деди Баялинова.

Бул иш боюнча биринчи сот отуруму 26-февралда өтүшү керек болчу, бирок ал ССМдин башчысы соттук териштирүүлөрдөн баш тартып койгондугуна себептүү болбой калды.

Ошондой эле, Баялинова «Кыргыз Туусу» гезитиндеги кайрылууга кол коюшкан врачтар ага кол коюшпаганын билдиришкенин айтты. Мындан тышкары, гезиттин башкы редактору Эрнис Балбаков Батыралиевден кечирим сурап, төгүндөө чыгарууну убада кылды.

Бирок Батыралиевге каршы айыптоо кайрылуусун жазган врачтардын айрымдары анын үстүнөн сотко беришип, аларды кызмат ордуларына кайтарууну талап кылышкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти 7-мартта карайт.

Медиктердин кайрылуусу

«Кыргыз Туусу» гезитине 2017-жылдын 1-декабрында медициналык кызматкерлердин кайрылуусу чыккан, анда алар ССМдин башчысы Батыралиевди «мыйзам бузууга» жана мекемени башкаруудагы «тажрыйбасыз чечимдерге» айыпташкан.  

Кайрылуунун авторлору ССМдеги жумуш «саламаттык сактоо системасында аргасыздык абалды» жараткан деп ырасташкан.

«[…] Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасындагы ушуга чейинки жылдарга дейре мындай кырдаал эч качан болгон эмес, медициналык адистер мындай кемсинтүүлөр менен кугунтуктоолорго кабылышкан эмес, бир дагы министр тарабынан мынчалык алдамчылык менен жасалмачылык болбогон», — делген кайрылууда.

10-январда Батыралиев «Кыргыз Туусу» гезитине каршы доо арыз берип, басылмадан моралдык зыян катарында 500 миң сом талап кылган. Ал билдиргендей, макалада келтирилген факттар «чындыкка коошпойт жана эч нерсе менен тастыкталбаган».

Мындан тышкары, Батыралиевдин кайрылууга кол койгон медициналык кызматкерлерге да дооматы болгон — алардын айрымдарынан ал 100 миң сомдон кун төлөп берүүнү талап кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: