Казакстанда автокырсыктан үч кыргызстандык каза болду

Алматы — Бишкек жолунда 26-февраль күнү Toyota Estima машинасында Кыргызстанга келе жаткан алты кыргызстандык автокырсыкка кабылган. Экөө жеринде мерт болуп, оор абалда Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген айдоочу 27-февралга караган түнү каза болду.

Казакстандын Алматы шаарынан Бишкекти көздөй келе жаткан Toyota Estima автомобили башка машина менен сүзүшүп, эки кыргызстандык жүргүнчү мүрт кетти.

Тышкы иштер министирлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева каза тапкандар Жалал-Абаддын Сузак районунун тургундары экендигин «Клоопко» маалымдады.

«Жамбыл районунун Таргай айылында жүз берген кырсыкта 47-48 жаштагы эки сузактык аял каза тапкан», —  деди Кулукеева.

Айдоочу оор абалда Жамбыл райондук бейтапканага жеткирилип, 27-февралга караган түнү ооруканада көз жумду.

ТИМдин басма сөз катчысы айдоочу Өзгөн районунун Кысык-Алма айылынын тургуну болгонун билдирди.

«Унаада жалпы алты киши болгон. Кырсыктан жаракат алган үч жарандын экөөсү тез жардам кызматы менен Кыргызстанга алып кетилген. Дагы бир жаран биринчи жардам көрсөтүлгөндөн соң бейтапканадан чыгарылган», — деп кошумчалады Кулукеева.


ТЕМА БОЮНЧА: