Маданият министрлиги «элдик пьесаларды» жаратуу үчүн 1 млн сомго конкурс өткөрөт

«Щелкунчик» спектаклинин артисттери сахнада. Сүрөт: Павел Большаков/Kloop.kg

Маданият министрлиги «кызыктуу жана кыргызстандыктарга жакын» театралдашкан чыгармаларды жаратуу боюнча конкурстун жеңүүчүлөрүнө 1 млн сом төлөп берет. Идея театрлар шаардыктардын арасында кеңири жайылбай жатканы үчүн пайда болгон.

Министрликтин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Клооптун» кабарчысына конкурс качан өтөөрү жана ага катышуунун шарттары да азырынча белгисиз экенин айтты.

Бирок маданият министрлиги «кызыктуу жана кыргызстандыктарга жакын» чыгармалардын авторлорун сыйлай турганы так белгилүү — бул Кыргызстандыктардын арасында театрлар анчейин популярдуу болбой жатканына байланыштуу.

Мындай жол менен мекеме кыргызстандыктарды маданий жайларга байма-бай барып турууларына шыктандыргысы келет. Маданият министри Султан Жумагулов театрлар спектаклдерди тарыхый же классикалык темаларда эмес кыргызстандыктарга жакын темаларда коюшу керек деп эсептейт.

«Урматтуу театр ишмерлери, көрүүчүлөр силерге өздөрү келет деп күтпөгүлө. [...] Адамдар көп жүргөн жерлерде жарнамалык акцияларды жүргүзсө болот. Учурда адамдар өз көйгөйлөрүн чагылдырган замандаштарын көргүлөрү келет, ошон үчүн бизге жаңы бейнелер керек», — деп келтирди «Кактус» басылмасы Жумагуловдун айткандарын.  

Министр кошумчалагандай, мекемеде кыскартуулар күтүлүүдө. Кызматы «акталбаган» жана милдеттери окшош жумушчулар бошотулат.