«Сулайман-Тоо» музей комплексинин кызматкерлери жетекчисине нааразылык билдирип чыгышты

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» тарыхый музейинин 17 кызматкери комплекстин башчысы Абдыкайым Кангелдиевди тажрыйбалуу жумушчуларды иштен алып жатат деп айыптоодо. Кангелдиев бул маалыматты четке кагууда.

«Сулайман-Тоо» тарыхый музей комплексинин 17 кызматкери 27-февраль күнү жетекчилигине нааразычылыгын билдирип чыкты. Алар комплекстин башчысы Абдыкайым Кангелдиевди жумушчуларга адилетсиз мамиле жасайт деп күнөөлөөдө.

Музейдин илимий кызматкери Роза Шаимова «Клоопко» билдиргендей, Кангелдиев комплексте «өзүнө жаккан кызматкерлерди» гана калтырып, тажрыйбалуу жумушчуларды «иштен алып жатат».

«Келгенине 5-6 ай болбой жатып, өзүнө жаккан жумушчуларды калтырып, жакпагандарды иштен айдап жатат. 30-40 жыл маданият деп жанын берген адамдарды “сени башка жакка өткөрөбүз” деп жумуштан кетирүүдө», — деди Шаимова.

Тарыхый музей комплекстин башчысы Кангелдиев кызматкерлердин айтканын төгүнгө чыгарды.

«Мен башкы директор катары эч кимди жумуштан алган эмесмин. Бир гана башкы сүрөтчү, туу боюнча чуу жараткан — Аширали Маразыков өзүнүн арызынын негизинде пенсияга чыгып кеткен», — деди Кангелдиев.

Абдыкайым Кангелдиев «Сулайман-Тоо» тарыхый музей комплексинин жетекчилик кызматына 2017-жылдын август айынын cоңунда келген.

Ага чейин музейди жетектеген Абдраим Тургунбаев өткөн жылдын июль айында жумушчулардын нааразычылыгынан улам жүргүзүлгөн териштирүүлөрдөн соң кызматтан алынган.

Тарыхый комплекс Ош шаарынын борборундагы Сулайман-Тоосунун түбүндө жайгашкан, анда 120 кызматкер эмгектенет.


ТЕМА БОЮНЧА: