Бишкек мэриясы жаз айларында миллиондон ашуун гүл отургузат

Шаар бийлиги Бишкектин түрдүү гүлдөр тигилчү жайларына 1,2 млн гүл отургузат. Гүлдөр жалпы аянты 2,8 гектар жерди түзгөн жайларга тигилет.

Учурда гүлдөр «Жашылдандыруу» ишканасынын күнөсканаларында өстүрүлүүдө. Устүбүздөгү жылдын февралында ишкананын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдун уругунун 30 ылгамын жана 20 түрүн айдашкан.

Жалпысынан Бишкекте жаз айларында тагетесанын 10, сальвиянын 3, катарантустун 3, колеусанын 3, далиянын 3, лобуляриянын 3, вербенанын 2 түрү, цинерария, петуния, целозия жана агрегатум гүлдөрү тигилет.

Бир жылдык гүлдөр жалпы аянты 2,8 гектар жерди түзгөн гүлзарларда пайда болот — бул үч футбол аянтчасына барабар.

Бишкектин «Жашылдандыруу» ишканасынын басма сөз катчысы Мээрим Мусаева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, мурдагы жылы Бишкекте 100 миңге көп гүл отургузулган.

«Бул жазда Бишкектин "Жашылдандыруу" ишканасы 1,2 млн гүл тигет. Жайында да кошумча тигүүлөр болот», — деди Мусаева.


ТЕМА БОЮНЧА: