2017-жылдын ноябрында Кыргызстан эл аралык «Ачык өкмөт» уюмунун мүчөсү болуп калды. Өлкөнүн бийлиги мүчөлүктү «чоң жоопкерчилик» деп атап, буга абдан сыймыктанууда. «Ачык өкмөт» деген эмне, Кыргызстан уюмга катышууга канча каражат сарптайт жана бул эмнеси менен маанилүү?

«Ачык өкмөт» деген эмне?

Бул дүйнөнүн 75 өлкөсү кирген эл аралык уюм. «Ачык өкмөттү» 2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппиндер, Түштүк-Африка Республикасы, Улуу Британия жана АКШ өлкөлөрү негиздешкен.

Уюмга мүчө болуу менен катышуучу өлкөлөрдүн өкмөттөрү өз жарандарына ачык жана отчеттуу болууга милдеттүү деген эрежеге макул болуп калышат.

Уюмду дүйнө жүзү боюнча жарандардын бийликке ишеними төмөндөп кеткенинен улам негиздешкен. Мисалы, Freedom Houseтун баяндамасына ылайык, 2015-жылы дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсү жарандык коомчулукка кысым көрсөтүп же аны чектей башташкан. Дүйнө жүзү боюнча басма сөздүн эркиндигинин деңгээли ушул эле баяндоого ылайык, 12 жыл ичинде эң эле төмөн болуп кеткен.

Франциянын экс-президенти Франсуа Олланд 2016-жылы Париждеги  OGPнин саммитинде

Мамлекет «Ачык өкмөткө» кантип кошула алат?

«Ачык өкмөткө» кошулуу үчүн мамлекет бул уюмдун баалоосунан өтүшү керек. Баалоо учурунда өлкө жалпы баллдардын өлчөмүнөн 75 пайыздан кем эмесин алышы керек.

Өлкөнү мындай ченөлчөмдөр боюнча баалашат: бюджеттин айкындуулугу, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү, аткаминерлердин мүлкү боюнча маалыматтарды ачыктоо, жарандардын мамлекетти башкарууга катышуусу жана өкмөттүк эмес уюмдарга кысым көрсөтүүнүн жоктугу.

Кыргызстан мындай баалоонун жыйынтыгы боюнча баллдардын 95% алган.

Андан ары эмне болот?

Баалоодон кийин Кыргызстан Ачык өкмөттүн декларациясына кол койду — анда мамлекет бюджеттин чыгымдары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуугу жана өкмөттүн иши жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн жакшыртууга милдеттүү экени көрсөтүлгөн.

Декларацияга ылайык, Кыргызстан чечим чыгарууда жана өкмөттүн ишин көзөмөлдөөдө өз жарандарынын катышуусун колдоп, мамлекеттик чечимдердин кабыл алынуусун ачык-айкындуу кылышы керек.

«Ачык өкмөттүн» катышуучу өлкөлөрү өз аткаминерлеринен этикалык жоболорду сактоону, коррупция менен күрөштү, мамлекеттик сатып алууларды айкындуу жүргүзүүнү жана алардын киреше булактарын ачыктоону талап кылышы керек.

Кыргызстан азыр кайсы баскычта?

Учурда Кыргызстан 2018-жылдын августунан тарта аткара баштай турган улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгууда.

Бул планда мамлекеттин ачык маалымат саясатын жана өкмөттүн жарандардын алдында отчеттуулугун жакшыртуу боюнча милдеттер жазылган.

Улуттук иш-аракет планы эки жылга иштелип чыгат. Ошол убакыт ичинде Кыргызстан өзүнүн жарандык коому менен биргеликте бул план кандай аткарылып жатканын жыл сайын баалап турушу керек.

Бул баалоонун отчеттору «Ачык өкмөткө» берилиши керек. Ошондон кийин уюм бийликтин аракеттерине баалоо жүргүзүп, жаңы планды иштеп чыгуу боюнча өзүнүн сунуштарын берет.

Негизи бул уюмга катышуу эмне берет?

Эгерде өлкө өз паланын аткарып турса, анда бул кабыл алынган мамлекеттик чечимдердин сапатын жакшыртышы керек, анткени бийлик аларды жарандар менен биргеликте кабыл алып турат.

Планды аткаруунун баасы ири каржы институттар тарабынын өлкөгө карата ишенимине таасир этет — мисалы, эгерде мамлекет планды натыйжалуу аткарып жатса, анда ал менен кызматташууга жана насыя же грант берүүгө көбүүрөк ашыгышат.

Жарандык коомго мунун кандай пайдасы бар?

Кыргыз өкмөтү бийлик менен жарандык уюмдардын өкүлдөрү аткаминерлердин элдин алдында отчеттуулугун жана ачык маалыматтар боюнча саясатты биргеликте иштеп чыгыша алаарын жарыялаган.

Учурда өзүнчө бир жарандык уюмдар ачык саясатты жакшыртуу боюнча өз идеяларын бул шилтеме аркылуу сунуштай алышат. Бул идеялар улуттук иш-аракет планына кириши мүмкүн.

Мисалы, «Бизэксперт» аналитикалык борбору өкмөт кабыл алынган мыйзамдардын негиздемелерин жана экспертизаларды жарыялап турушу керек деп эсептейт.

Мындан тышкары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү эгерде кысымга кабылып же бийлик алардын ишине тоскоолдук жаратып атса «Ачык өкмөткө» кайрыла алышат.

Уюм Азербайжандын жана Венгриянын өкмөттүк эмес уюмдарынын арызданууларына реакция кылган.

Азербайжандагы жагдай боюнча үч өкмөттүк эмес уюм өлкө бийлиги тарабынан болуп жаткан кысымдарга арызданышкан. Уюм бул арызданууларды текшерип, аны негиздүү деп тапкан. Ошондо Азербайжан «активдүү эмес» өлкө деген макам алган.

Ал эми Венгрия болсо уюм анын өкмөтүнө карата арыздануулар боюнча иликтөөнүү демилгелегенден кийин «Ачык өкмөттөн» өзү чыгып кеткен.

Демек, айрым коомерциялык эмес уюмдар бийлик тарабынан болуп жаткан адилетсиз аракеттерге таасир этиш үчүн арызданууларды «Ачык өкмөттө» колдоно алышат.

Эгерде Кыргызстан иш-аракеттер планын аткарбай койсо эмне болот?

Эгерде мамлекеттер иш-аракеттер планын аткарбай же «Ачык өкмөттүн» сунуштамаларына реакция кылбай койсо уюм аларды мүчөлүктөн чыгарып сала алат.

Мисалы, Түркияны уюмдан ал улуттук иш-аракеттер планын аткарбай койгону үчүн чыгарып салышкан.

Кыргызстан «Ачык өкмөткө» катышууга канча каражат сарптайт?

Уюмга кирген ар бир өлкө жыл сайын өз кирешесинин деңгээлине негизделген мүчөлүк акы төгүп турушу керек. Минималдуу төгүм — 10 миң АКШ доллары. Кыргызстан жыл сайын «Ачык өкмөткө» катышуусу үчүн 25 миң доллар төлөп турушу керек.

«Ачык өкмөткө» постсоветтик өлкөлөрдүн кайсылары мүчөлүк кылат?

Литва, Латвия, Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан жана Эстония.

Азербайжанда азыр «активдүү эмес» макам бар — ал бардык эреже бузууларды жоюушу керек.