Парламент Улуттук банктын эсебинен бюджетке чегерүүлөрдү көбөйтүүнү биротоло жактырды

Депутаттар үчүнчү окууда Кыргызстандын Улуттук банкын кирешесинин эсебинен бюджетке которулуучу коюм өлчөмүн 70 пайыздан 90 пайызга көбөйтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Парламентарийлер мыйзам долбоорун 28-февралда үчүнчү окууда жактырышты. Мыйзам долбоору күчүнө кириши менен өлкөнүн башкы банкы мамлекеттик бюджетке чегерүүлөрдү 90 пайызга чейин көбөйтөт.

«Улуттук банктын ишмердигинин акыркы беш-алты жылдагы анализи ал дайыма кирешелүү болуп эсептелээрин көрсөтүп турат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Каржы министрлиги Улуттук банктын мамлекеттик бюджетке которуп аткан кирешесин көбөйтүүгө болот деп эсептейт, анткени ал мыйзамда көрсөтүлгөн салыктардын көпчүлүгүнөн бошотулган.

Мыйзам долбоору ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 300 млн сомду, ал эми 2016-жылы өлкөнүн башкы банкы 3 млрд 777 млн сом пайда көргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: