ЖМК: Вашингтондо курал-жарак аткезчилигине шектелген эки кыргызстандык кармалды

Иллюстративдүү сүрөт

Американын WJLA сайты билдиргендей, Виржиния чөлкөмүндө Чеченстанга курал-жарак жарак жиберип турган делип шектелген эки кыргызстандык кармалган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кармалгандар боюнча маалыматты тактап жатат.

WJLA басылмасынын журналисттери кабарлашкандай, 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Элдар Резванов 27-февралда кармалышкан. Полиция аларды Чеченстанга ажыратылган абалда курал-жарактардын 100 даанасын жөнөтүүгө аракет кылышкан деп шектеп жатат.

Басылманын журналисттери иштин материалдарына таянып, шектүүлөр курал-жарактарды ашкана шаймандары жана автоунаа каптамалары катары чүмбөттө үчүн майда бөлүктөргө ажыратышкан деп ырасташууда.

Жергиликтүү почта бөлүмүнүн кызматкерлери полицияга кабарлашкандай, алар дээрлик күнүгө почта кызматын колдонушкан.

Кыргызстандын ТИМнен «Клооптун» кабарчысына мекеме кармоо боюнча АКШга сурам жөнөткөнүн, бирок азырынча жооп келе элегин билдиришти.

«Азыр убакыт айрымачылыгынын айынан (азыр Виржинияда түнкү саат 2) биз маалыматты тастыктап бере албайбыз, бирок биз тапшырма бердик», — деп маалымдады ТИМ.

«АКИпресс» жана «24.kg» басылмалары билдиришкендей, кармалгандардын бири Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын баласы болуп чыккан. Ал эми Сыдыкова өзү басылмаларга курган маегинде баласы кармалганын тастыктап, бирок анын баласынын аткезчилик менен болгон байланышын четке каккан.

«Бул тиги бала [Элдар] менен байланыштуу болушу ыктымал. Балам башка жерде жашайт. Ал Резвановдун кармалышы жөнүндө укканда колдоо көрсөтүү же аныкташ үчүн полиция бөлүмүнө барган, аны да жагдайлар аныкталганга чейин кармашкан. […] Эртең сот кармалгандарга карата бул айыптоонуу колдонуу же колдонбоо керектигин чечет. Бирок, негизи азыр айып тагуу боюнча чечим жок», — деди Сыдыкова.