АКШда курал аткезчилиги боюнча шектелген Александрия шаарынын эки тургуну кармалды. Полициянын маалыматы боюнча, алар Кыргызстандын жарандары Элдар Резванов жана Тенгиз Сыдыков болуп чыккан. Кыргызстандандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова билдиргендей, Тенгиз анын баласы.

Тенгиз Сыдыков

Эмне болуп кетти?

Американын ЖМКлары 28-феваралда Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине шектелген эки адамдын кармалышы боюнча кабарлашты. Башында аларды жаңылып чечендиктер деп кабыл алышкан, бирок кийинчерээк кармалгандардын экөөсү тең Кыргызстандын жарандары экени белгилүү болгон. Алар 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов.

АКШнын юстиция департаментинин сайтында жайгашкан документке ылайык, Сыдыков жана Резванов ажыратылган 100 даана куралдарды сатып алышып, аларды лицензиясыз Чеченстанга жөнөтүүгө аракет жасашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар аткез товарды жасалма документтер менен ашкана буюмдары катары көрсөтүп жөнөтүүгө аракет кылышкан.

Дагы кандай айыптоолор бар?

Американын юстиция департаменти кабарлагандай, кыргызстандыктарга куралдарды мыйзамсыз сатуу, АКШдан аткез товарларды чыгаруу, тыңшоо, банктык көз боемочулук жана акчанын изин жашыруу боюнча айыптар тагылды.

Эгерде сот алардын күнөөсүн тааныса, анда алар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок федералдык кылмыштуулук үчүн реалдуу мөөнөт көбүнесе андан азыраак болот.

Курал кай жактан алынышы мүмкүн?

Patch.com басылмасы билдиргендей, кармалгандар бир гана курал эмес, алардын тетиктерин жана шаймандарын да сатып алып турушкан: негизинен, Glock тапанчасы менен АК-47 автоматына ок салган магазиндер. Сатып алууда алар Түндү Виржиния шаарларынын курал-жарак сатуучуларына кайрылышкан.

Басылманын журналисттеринин маалыматына ылайык, Сыдыковдун куралдарды мыйзамдуу түрдө сатып алууга мүмкүндүк берген «грин-картасы» (АКШда жашап туруу укугу) бар болгон.

Буга башка эч кимдин тиешеси жокпу?

Орусиянын «Коммерсант» басылмасы АКШнын Ички коопсуздук агенттигинин кызматкери тарабынан сотто көрсөтүлгөн документине таянып билдиргендей, бул иште ошондой эле, кармалган Тенгиз Сыдыковдун бир тууганы Чыңгыздын аты да аталган.

Материалдын автору Евгений Хвостик ырастагандай, Чыңгыз АКШда «юридикалык макамы жок» жүргөн. Бирок ал бул иш боюнча айыпталуучу же шектүү болуп өтүп же өтпөгөнү белгисиз.

«Коммерсанттын» маалыматы боюнча, Тенгиз жана Чыңгыз электрондук Gmail почтасы аркылуу баарлышып турушкан. Атайын кызмат алардын баарлашуусун окууга мүмкүнчүлүктү мурдагы жылдын күз айларында сот чечиминин негизинде алышкан.

Гезит алар курал-жарактарды сатып алууга жалпысынан беш миң доллар кетиришкен деп жазууда. Өткөн жылдын май айында Тенгиз Сыдыков ыктымал 24 Glock тапанчасын сатып алган, ал эми тапанчалардын жалпы саны 64 даананы түзгөн.

Шектүүлөрдү байкоого алуу алар куралдарды кадимкидей эле почта кызматы аркылуу төрт түйүнчөк менен Орусияга жана Кыргызстанга жөнөтүүнү пландашканын, бирок алардын үч түйүнү Грозныйга даректелгенин аныкташкан.

Кыргызстан буга кандай реакция кылды?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) кыргыз жарандарынын кармалышы боюнча комментарий алууга мүмкүн болбоду — ТИМ Виржинияда азыр түн экенине таянып койду. Бирок ошого карабастан, министрлик Кыргызстандын АКШдагы элчилигине сурам жөнөткөнүн билдирди.

Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси жана ResPublica гезитинин редактору Замира Сыдыкова бир нече басылмаларга алардын бирөөсү анын баласы Тенгиз экенин билдирген. Бирок Сыдыкова Тенгиздин курал аткезчилигине байланышын четке кагып, баласы АКШда IT-компаниялардын биринде иштеп жүргөн деп кабарлаган.

Замира Сыдыкова баласы Тенгиз менен

Анын айтымында, өз баласынын досу болуп жүргөн Элдар Резвановдун батиринде полиция тинтүү жүргүзгөн. Тенгиз мурда бул батирде Элдар менен чогуу жашаган, бирок бир жыл мурда ал жактан көчүп кеткен.

«Тенгиз досун колдоп, эмне болгонун билиш үчүн полиция бөлүмүнө барган, бирок полиция аны да кармап алган, анткени Элдар жашаган батир алардын экөөсүнө тең катталган», — деди Сыдыкова.

Сыдыкова кошумчалагандай, Элдар — Казакстандын жараны, бирок ал АКШда эмне иш кылып жүргөнү ага белгисиз.

«Балким, анын кармалышы башка адам менен байланыштуу. Азыр иштин материалдарын такташ керек. Алар экөө тең Убактылуу кармоо абагында. Мунун бардыгы жаңылыштык болуп, аларды кое беришет деп ишенем», — деди Сыдыкова.