Бутундагы протезин алмаштырууга Орусияга барган кыргызстандык үч күн аэропортто күн кечирген

Кыргызстандыкка Орусияга кирүүгө тыюу 26-февраль күнү Санкт-Петербургдун «Пулково» аэропортунда салынган. Ал Орусияга оң бутундагы протезди алмаштыруу үчүн барган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ага укуктук жардам көрсөтүүдө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, «Пулково» аэропортунун чек ара кызматы кыргыз жаранына өлкөгө кирүү тыюусун ал Санкт-Петербургга болгон сапарынын максатын түшүндүрүп бере албай койгонунан улам салган. Бирок кыргызстандыктын Орусияга кирүүгө тыюусу жок жана ал «кара тизмекке» алынган эмес.

Кыргызстандын ТИМне караштуу маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев «Клооптун» кабарчысына учурда бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Кыргызстандыкка жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясы аэропорттун кызматкеринин аракеттерине баа берип, расмий түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен «Пулкового» кайрылган.

Санкт-Петербургдун «Фонтанка» интернет басылмасы маалымдагандай, I-топтогу майыптыгы бар кыргыз жараны 26-февралда оң бутундагы протезди алмаштыруу үчүн Санкт-Петербургга учуп келген. Бирок аэропорттун кызматкерлери ага өлкөгө кирүүгө тыюу салышкан.

«Фонтанка» басылмасы анын эжеси менен байланышка чыккан, ал байкесине анда ыктымал «камсыздандыруу барагы жана мейманканада номерге ээлеми жок» экени үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салышканын билдирген. Кыргыз жараны мейманкадан бөлмө албай эле эжесиникинде жашап турууну көздөгөн.

Ал эми протез койгон врачтын айтымында, ага 26-февралда келем деп жазылган кыргызстандык келбей калган. Ошондой эле медицина адиси протезди алмаштыруу үчүн камсыздандыруу барагы керек эместигин кошумчалады. Басылманын маалыматы боюнча, кыргызстандык 1-мартта Кыргызстанга экстрадицияланышы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: