Эки жашар баланы атасынын машинасы тебелеп кетип көз жумду

Ош шаарынын Тургунбаев көчөсүндө жашаган 27 жаштагы тургундун короодогу машинасы кокустан жылып кетип, анын эки жашар уулун тебелеп кетти. Наристе ички органдары катуу жабыркагандыгы себептүү каза тапкан.

Окуя 1-март күнү шаардын Тургунбаев көчөсүндө жүз берген. Ош шаардык ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» маалымдагандай, 27 жаштагы тургун «Mercedes-Benz-270» үлгүсүндөгү машинасын нейтралдуу абалда токтотуп үйүнө кирип кеткен учурда унаасы жылып кетип, анын эки жашар уулун тебелеп кеткен.

«Артты көздөй жыла баштаган унаа ойноп отурган эки жашар баланын белин тепселеген. Ата-энеси наристени ооруканага алып барышканда дарыгерлер баланын ички органдары катуу жабыркаганын айтышкан», — деди Сыдыков.

Басма сөз катчынын айтымында, бала Ош шаардык ооруканасына жетпей көз жумган.

«Эки кыз жана бир уулдун атасы таксист болуп иштеп жүргөн. Ал ошол күнү үйүнө шашылып келип, машинанын кол тормозун тартууну унутуп калгандыгын айткан», — деп токтолду Сыдыков.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, наристенин туугандары соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.

Ош шаардык ИИБ окуяны кокустук катары каттап, техникалык экспертиза дайындады.