Исаков милицияны полицияга реформалоону сунуштады

Премьер-министр Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министр Сапар Исаков милицияда реформа керектиги жөнүндө билдирди. Кадамдардын бири милицияны полицияга өзгөртүү болуп калат — анын пикиринде, бул укук коргоо орндарынын кызматкерлерин жарандарга жакындатат.

Премьер-министр өз сунушун 2-мартта «Коопсуздук жана кылмыштуулукту алдын алуу саясаты» конференциясында айтып чыккан.

Исаковдун пикири боюнча, милиция коомчулукка таасири аз «милитаристтик уюмду» элестеттирет. Ал эми полиция өкмөт башчынын айтымында, коомчулук менен кызматташат.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» журналистине Исаковдун сөздөрү аталышты алмаштырууга эмес, укук коргоо орандарынын ишинин концепциясын өзгөртүүгө байланыштуу экенин билдирди.

Исаков 2017-жылдын ноябрында Патрулдук милициянын башкы башкармалыгын (ПМББ) жоюп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкты (ЖКККББ) түзгөн.

Аталыштан тышкары жаңы башкармалык айрым функцияларын да өзгөрткөн — ал бир гана жол коопсуздугун карап, көчөлөрдү кайгуулга алууну токтоткон.

Мындан тышкары ЖКККББнын кызматкерлеринин формалары жана жаңы башкармалыкка кызматкерлерди тандоо принциби да өзгөргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: