«Кыргыз Туусу» Батыралиевди сындаган врачтардын кайрылуусун төгүндөдү

Төгүндөө макаласы. Сүрөт: Kloop.kg

Өкмөттүн «Кыргыз Туусу» гезити врачтардын Саламаттык сактоо министрине (ССМ) карата арызданууларын «негизи жок» деп атады. Буга чейин медиктер гезитке министрдин «тажрыйбасыз чечимдерине» арызданышкан, бирок андан кийин ал басылманы жана врачтарды сотко берем деп айтып чыккан.

«Кыргыз Туусу» 2-мартта чыккан төгүндөө макаласында врачтардын министрге карата дооматтарын «негизи жок» жана ал «жалпы ак халатчандардын пикири эмес» деп атаган.

«Азыркы тапта Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айланасындагы жагымсыз пикирлер жоголуп, учурда министр мырза эл ишенимин актоо үчүн ак кызматын адал аркалоо менен алек», — деп жазган «Кыргыз Туусу».    

Төгүндөөнүн өзүнө бир абзац арналган, ал эми макаланын көпчүлүк бөлүгү министрликтин 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктарын жана 2018-жылга карата пландарын чагылдырат.

ССМдин консультанты Елена Баялинова өзүнүн фэйсбук барагында декабрда жарыя болгон врачтардын кайрылуусу «министрликтин жана анын жекчисинин айланасындагы кырдаалды кимдир бирөөнүн кызыкчылыктарын сүрөмөлөө максатында туруксуздаштырышкан» деп жазган.

«Кыргыз Туусу» гезитине 2017-жылдын 1-декабрында медициналык кызматкерлердин кайрылуусу чыккан, анда алар ССМдин башчысы Батыралиевди «мыйзам бузууга» жана мекемени башкаруудагы «тажрыйбасыз чечимдерге» айыпташкан.

«[…] Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасындагы ушуга чейинки жылдарга дейре мындай кырдаал эч качан болгон эмес, медициналык адистер мындай кемсинтүүлөр менен кугунтуктоолорго кабылышкан эмес, бир дагы министр тарабынан мынчалык алдамчылык менен жасалмачылык болбогон», — делген кайрылууда.

10-январда Батыралиев «Кыргыз Туусу» гезитине каршы доо арыз берип, басылмадан моралдык зыян катарында 500 миң сом талап кылган. Ал билдиргендей, макалада келтирилген факттар «чындыкка коошпойт жана эч нерсе менен тастыкталбаган».

Мындан тышкары, Батыралиевдин кайрылууга кол койгон медициналык кызматкерлерге да дооматы болгон — алардын айрымдарынан ал 100 миң сомдон кун төлөп берүүнү талап кылган.

Февраль айында кайрылуунун алдына кол койгон врачтардын ичинен 15 адам өз кол белгилеринен баш тартышкан. Медиктер «Кыргыз Туусунда» жарыя болгон түрдөгү кайрылууга алар кол коюшкан эместигин айтып чыгышкан, ал эми гезиттин башкы редактору Эрнис Балбаков макала үчүн Батыралиевден кечирим сураган.

Ошондон кийин Батыралиев доо арызынын экөөсүн тең чакыртып алган. Баялинованын айтымында, доо арыздын чакыртылышына соттун өткөн окуяга карата текшерүүсүнүн жыйынтыктарынын жок болушу себеп болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: