Кыргызстандын мурдагы элчисинин АКШда кармалган баласынын агасы УКМКга суракка чакырылды

Чыңгыз Сыдыков. Сүрөт фэйсбутан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) АКШда курал аткезчилиги боюнча шектелип кармалган Тенгиз Сыдыковдун улуу агасы Чыңгыз Сыдыковду суракка чакырды. Сыдыковддордун экөөсү тең Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын балдары.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Сыдыков 2-мартта сурака чакыртылган.

«ЖМКлардын курал аткезчилигине кыргызстандыктардын тиешеси бар делген материалында Чыңгыздын аты аталган. Ошого байланыштуу ал суракка чакыртылган», — деди Сулайманов.

Ал эми Сыдыков өзү «Азаттык» үналгысына курган маегинде өз иниси Тенгиздин аткезчиликке байланышы жөнүндө маалыматты четке каккан. Тенгиз Сыдыков 27-февралда курал-жарактарды АКШдан Чеченстанга жана Кыргызстанга мыйзамсыз жөнөтүү боюнча шектелип кармалган.

«Мен азыр комментарий бере албайм. Бирок анын бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун так билем. Эми сот чечим чыгарса керек», — деген ал.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Американын соту Тенгиз Сыдыковду тергөө буткүчө үй камагына чыгарганын маалымдаган. Ал эми бул иш боюнча кармалгандардын экинчиси Элдар Резванов 7-мартка чейин камакта калтырылган.

Тенгиз Сыдыков Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын баласы. Ал баласы кармалганын тастыктап, бирок анын курал аткезчилигине байланышын четке каккан. Анын айтымында, баласы АКШда IT-компаниялардын биринде иштеп жүргөн.

Виржиния штатынын Александрия шаарында полиция 27-февралда Тенгиз Сыдыков менен Элдар Резвановду курал аткезчилиги боюнча шектеп колго түшүргөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, алар аткез товарды жасалма документтер менен ашкана буюмдары катары көрсөтүп жөнөтүүгө аракет кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: