Жөлөкпулдарды мыйзамсыз алышкан 46 адамдын иши боюнча кылмыш козголду

Аскер прокуратурасы Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай жана Кара-Суу райондорунун комиссариат кызматкерлерине карата кылмыш иштерин козгоду. Тергөөнүн версиясы боюнча, кызматкерлер 2010-2017-жылдарда 46 адам үчүн жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегерип беришкен.

Башкы прокуратура билдиргендей, 46 адам жасалма күбөлүк алышып, алардын ысымдары Ооганстанда ыктымал согуш аракеттерине катышышкандыгы тууралуу аскердик катто документтерине киргизилген.

Кийин алардын ар бири жергиликтүү социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнөн 2010-жылдан тарта 2017-жылдарга дейре ай сайын алты миң сомдон алып турушкан.

Тергөө мамлекетке 23,7 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган.

Аскер прокуратурасы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Кызматтык жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: