Милицияга «пара сунуштаган» кылмыштуу топтун мүчөсүнө иш козголду

Ош милициясына кылмыштуу топтун мүчөсү өзүнүн үстүнөн жазылган арызды жабуу үчүн эки миң доллар сунуштаган учурда кармалды. Облустук прокуратура «пара берүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев кылмыштуу топтун мүчөсү пара берип аткан учурда кармалганын «Клоопко»  кабарлады.

Аширбаевдин маалымдашынча, Кара-Суу районунун тургуну 24-февраль күнү кылмыштуу топтун мүчөсү машинасын тартып алганын айтып, Ош облустук ички иштер башкармалыгынына арыз менен кайрылган.

«Бул фактыны текшерүү максатында 26-февралда Кара-Суудагы кылмыштуу топтун тизмесинде катталган 46 жаштагы киши суракка чакырылды. Ошол күнү ал арызды жабуу үчүн Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү кызматкерлеринин кабинетинде 2 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалган», — деди басма сөз катчы.

Ал кошумчалагандай, Ош облустук прокуратура кылмыштуу топтун мүчөсүнө карата «пара берүү» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоп, убактылуу кармоо изоляторуна камалган.