Бишкек-Ош автожолунда төрт адам мерт болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Тойота» үлгүсүндөгү жеңил машиненин айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып жүк ташуучу унааны сүзгөн. Жол кырсыгынан төрт киши каза тапкан.

Жол кыймылынын коопсуздугунун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) «Клоопко» билдиришкендей, Бишкек-Ош каттамындагы жол кырсыгы 4-мартта саат 14:30 чамасында болгон.  

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу «Скания» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өзүнүн жол тилкесинде баратканда «Тойота Ист» ага карама-каршы чыга калган.

Жол кырсыгы Суусамыр өрөөнүнө жакын жерде катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын офицери Нурбек Абдраимов «Клоопко» кабарлады.

«Жеңил унаадагы төрт адам жеринде мерт кеткен. Алар: эки эркек киши, аял жана он бир жаштагы бала», — деди Абдраимов.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу жана анын жардамчысы жабыркаган эмес. ЖКККББнын кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда.


ТЕМА БОЮНЧА: