Кыйноолорго каршы борбор Караколдун ТИЗОсунда кармалган чет элдиктин сабалганын айтып чыкты

Кыйноолорго каршы аракеттер боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Каракол милициясы баңгизаттарды сактоого шектеп жаткан палестиналык жаран абакта чогуу жаткан адам тарабынан сабалганы жөнүндө билдирди.

Кыйноолорго каршы аракеттер боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов «Клооптун» журналистине чет элдикти Караколдун тергөө изоляторунда (ТИЗО) токмоктошконун билдирди. Сулайманов белгилегендей, ал изоляторго 28-февралда камакка алынган.

«Абакта чогуу жаткандар андан ири өлчөмдө акча опузалашкан, ошондуктан коопсуздук максатында аны башка камерага которушкан. Бүгүн сот отурум өтөт, анын жыйынтыгы боюнча ал бошотулушу мүмкүн», — деди Сулайманов.

Ал кошумчалагандай, кармалган чет элдик Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде окуйт, ал эми 2017-жылдын 20-сентябрында аны жана дагы үч адамды Караколдо баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча шектеп кармашкан. Сулаймановдун айтымында, кармалгандардан 5 миң доллар опузалашкан жана аларды бошотушу үчүн 3 миң доллар бергенге мажбур болушкан.

«Палестиналык орус тилинде жакшы сүйлөй албайт жана түшүнбөйт. Балким, ага эч жакка кетпөө баш коргоо чарасы алынганын айтышпагандыр, ал Бишкекке кеткен, ошондуктан ал бир нече жолу сотко барбай калган», — деп түшүндүрдү Сулайманов.

«Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камил Рузиев «Клооптун» кабарчысына Караколдун милициясы «маселени чечүү» үчүн кармалгандан 20 миң сом талап кылышканын айтты.

«Азыр биздин арыздын негизинде палестиналыкты Караколдун Үй-бүлөөлүк медицина борбору кароодон өткөрдү. Алар анын кыйноого алынганы боюнча дооматтары чындык экенин айтышты. Ал эми сот экспертизасы азырынча жыйынтык чыгара элек», — деп маалымдады Рузиев.

Ал палестиналык жарандын ишин карап жаткан Караколдун шаардык сотуна бардык далилдер көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф «Клооптун» кабарачысына ЖАМКтын жетекчилиги бул окуянын чоо жайын изилдеп жатканын айтты.

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов чет элдиктин кыйноого алынышы боюнча ага эч нерсе белгисиз экенин кабарлады.


ТЕМА БОЮНЧА: