Милиция жол эрежелерин бузган жөө жүргүнчүлөргө маал-маалы менен штраф салып турат

Иллюстрация. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) «Жөө жүргүнчү» рейдин өткөрүүдө. Жөө жургүнчүгө жолду көрсөтүлбөгөн жерден же жол чырактын кызыл белгисинен өткөнү үчүн 500 сом штраф салынат. Текшерүү өлкө боюнча жүргүзүлүүдө.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, өлкөнүн бардык аймактары боюнча «Жөө жүргүнчү» рейди башталган. Ар кандай жол кыймыл эрежелерин бузган жөө жүргүнчүгө 500 сом штраф салынат.

«Эң эле көп кездешкен эреже бузуулар — бул жол тилкесин көрсөтүлбөгөн жерден же жол чырактын кызыл белгисинен өтүү», — деди Токтосунов.

Ал рейд учурунда штраф салынган жөө жүргүнчүлөрдүн так санын атай алган жок. Анын айтымында, өлкө боюнча мындай рейддер «маал-маалы» менен өткөрүлүп турат.

Буга чейин «Кактус» басылмасы «жөө жүргүнчү» катары штраф салынган бишкектиктин маалыматын чыгарган.   

«Мен бүгүн кылмышкермин. Алгачкы ирет жолду туура эмес жерден өтүп бараткан жөө жүргүнчү катары штраф салышты. Жагымдуу жана сылык-сыпайы түшүндүрүштү. Нааразы болуп же мушташып кеткен жерим жок. Ата-апама чалган жокмун. Күнөөлүүмүн», — деген ал.

Укук коргоо кызматкерлери Кыргызстандын Административдик кодексине таянышууда. Ал боюнча жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүгө 500 сом өлчөмүндө штраф салынышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: