Ошто келинди «бычактады» деп жездеси кармалды

Ош шаарында 4-мартта 29 жаштагы аял бычакталып, ооруканага жаткырылды. Шектүү катары келиндин жездеси кармалып, ага «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, 4-март күнү 29 жаштагы аял кишини белгисиз бирөө артынан келип, «бычак сайып» качып кеткен.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары жабырлануучунун 55 жаштагы жездесин кармаган.

«Балдызы ал кишинин жубайына ортого түшүп ири суммадагы акча алып бергендиктен аялы Орусияда иштегенге мажбур болгонун айткан. Ошол себептүү балдызын өлтүрүүгө ниет кылган», — деди Сыдыков.

Сыдыков кошумчалагандай, «бычак сайылган» келин облустук ооруканада жатат жана абалы «канааттандырарлык».

Шаардык милиция шектүүгө каршы «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, убактылуу кармоочу жайга киргизди.


ТЕМА БОЮНЧА: