Башкы прокуратура Бишкек-Ош жолун курууда 1,2 млн сом уурдалганына байланыштуу кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура. Иллюстративдик сүрөт

Транспорттук прокуратура Бишкек-Ош жолун кууруда жол башкармалыгынын кызматкерлери долбоордо көрсөтүлгөн өлчөмдөн 449 тоннага аз афальт колдонушканын аныктаган. Натыйжада мамлекет 1,2 млн сом зыян тарткан.

Башкы прокуратура №9 жол-эксплуатациялык башкармалыктын ишин текшерип, мекеменин кызматкерлери жалданмачы компания менен «кылмыштуу көмүскө бүтүмгө» барышып, жол куруунун баасын жогорулатышканын аныктаган.

Ошентип, алар пландалгандан асфальттын өлчөмүнөн 449 тоннага аз колдонушкан.

«Ошол эле кезде мыйзамсыз аракеттерди жашыруу максатында аткарылган жол иштери белгиленген тартипте архитектура-курулуш боюнча мамлекеттик органдарга катталбай жана тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн эмес», — деп айтылат башкы прокуратуранын маалыматында.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 219 миң сом өлчөмүндө зыян тийгизилген. Кылмыш иши «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: