Башкы прокуратура Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана мамлекеттик «Аскер курулуш» компаниясынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Тергөө алар курулуш үчүн керектүү материалдардын көлөмүн мыйзамсыз жогорулатышкан деп эсептейт.

Башкы прокуратура билдиргендей, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «Аскер курулуш» компаниясынын кызматчылары менен биргеликте курулуш материалдарынын көлөмдөрүн жогорулатышкан жана тендерди эреже бузуулар менен өткөрүшкөн.

«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана «Аскер курулуш» компаниясынын кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян тийгизилген, анын алдын ала өлчөмү 11 млн 988 миң сомду түзгөн», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Шектүүлөргө карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мамлекеттик сатып алууларды Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы жүзөгө ашыруу» жана «Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: