Жабыр тарткандар өгөй кызын «зордуктаган» атанын жазасын күчөтүүнү талап кылууда

Оштогу Өзгөн райондук соту ушул жылдын 27-февралында өгөй кызын беш жыл бою «зордуктап жүргөн» деген күнөө менен атасын 15 жылга эркинен ажыратты. Жабыр тарткан тарап өгөй атаны өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылып жатат.

Өзгөн районунда 11 жаштагы кызды өгөй атасы 2012-жылдан тарта зордуктап, өспүрүм былтыры көз жарганын анын таежеси Зулфия Токсонбаева кабарлады.

«Эжемдин он бир жаштагы кызы апасына барып өгөй атасы зордуктап жүргөнүн айтканда, элдерге уят болобуз деп аны тыйып койгон. Кийин кыздын боюнда бүтүп калды», — деди Токсонбаева.

Жабырлануучунун таежесинин билдиришинче, кыз зордукталганы боюнча эч кимге айта алган эмес. Анткени, өгөй ата ал кимдир бирөөгө ооз ача турган болсо, «өлтүрөм» деп коркуткан.

Өзгөн райондук соту 27-февралда «зордуктоо» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, 53 жаштагы өгөй атаны 15 жылга кескен.

«Сотко 160 миң сом бергенин, 15 жылга гана кесилээрин угуп жаттык. Чындыгында ошондой болду. Биз болсо карапайым адам экенбиз... Анын акыйкат соттолушун, өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылабыз. Өз балдарын карабаганы үчүн эжемди да соттоп жиберишсе макулмун», — дейт Токсобаева.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдиргендей, өгөй кызын «зордуктаган» атага сот өкүмү чыгарылып жатканда анын жаш курагы эске алынган.

«Соттолгондун жаш курагы элүүдөн ашканда анын жазасы эң чоң эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпашы керек деп көрсөтүлгөн. Анын кылмыштык аракеттери боюнча эң чоң жаза мөөнөтү 20 жыл деп каралган, бул жазанын төрттөн үч бөлүгү 15 жылды түздү», — деди Осмонкулов.

Жабырлануучу тарап Ош облустук сотко даттануу арызын 3-мартта жазган. Соттолгон өгөй ата тергөө изоляторунда камакта.


ТЕМА БОЮНЧА: