Жээнбеков Атамбаев менен тирешти четке какты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, өзү менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда эч кандай тирешүү жок. Анын айтымында алар «кээде жолугушуп, кеңешип турушат».

Жээнбеков 6-мартта ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушууда Атамбаев экөө 20 жылдан бери дос болуп келе жатышканын жана ал менен «айрым маселелер боюнча кеңешип» тураарын билдирди.

«Алмазбек Атамбаев менен кеңешемби? Ооба мындай сөздөр айтылып жүрөрүн билем. Алмазбек Шаршеновия экөөбүз 20 жылдан бери доспуз. Эгер кандайдыр бир суроо жаралса, мына сиздер менен олтургандай эле олтуруп талкуулай алабыз», — деди ал.

Учурдагы президент менен мурдагы өлкө башчысынын тиреши жөнүндө кептер Фарид Ниязовдун Жээнбековдун аппарат жетекчилик кызматынан кете турганы боюнча арызынан кийин башталган. Ниязов — Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү, ал анын кеңешчиси болгон жана анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин администрациянын башчысы болуп эмгектенген.

Айрым саясат тануучулар ырасташкандай, Ниязовго «бир эле маалда эки жетекчиге кызмат өтөө кыйын» болууда.

«Жаңы президент келди, эми ага жаңы "шыпыргы" керек, жаңыча "шыпырышы" керек. Азыр Сооронбай Жээнбековдун эң ишенимдүү кишиси - өз иниси Асылбек Жээнбеков. Президентке ар кимиси өзүнчө таасир эткиси келет, анан президент өз инисин угабы же мурдагы "падышадан" калган кишини угабы?», — деп ырастаган саясат тануучу Турат Акимов.


ТЕМА БОЮНЧА: