Жээнбеков: Кыргызстан кармалган депутаттын иши боюнча казак бийлигине таасир этпейт

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште. Сүрөт: Сабыр Айылчиев/Өкмөттүн басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, кыргызстандын атайын кызматы Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишине көз салууда. Ал кошумчалагандай, кыргыз тарап тергөөгө таасир этпейт.

Өлкө башчысынын айтымында, ал Казакстанда кыргыз депутаты кармалышы боюнча маалыматты «абдан оор» кабыл алган. Бирок, анын пикирине ылайык, депутат «жеңил ойлуулук кылган», анткени анын иши боюнча тергөө акыйкат өтөөрүнө ишенет.

«Биздин казак досторубуз жана тийиштүү органдар тергөө жүргүзүүдө чынчыл болушат деп ишенем. Биздин атайын кызматтар бул маселеге көз салышууда. Бирок таасир этүү аракетин көрбөйбүз», — деди Жээнбеков.

Казакстандын атайын кызматы 16-февралга караган түнү 35 адамды кармаган, анын ичинде Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу да болгон. Асылбек уулунан тышкары, Казакстандын атайын кызматы эки кыргызстандыкты кошо колго түшүргөн.

Казакстандын башкы прокуратурасы Асылбек уулун аткезчиликке шектөөдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

Кийинчерээк Асылбек уулунда кыргыз жана казак жарандыгы бар экени аныкталган, жана ошондой эле, ал өз аты менен туулган жылын өзгөрткөнү белгилүү болгон. Казак ИИМи билдиргендей, Асылбек уулу Казакстанда туулган.

Бирок депутаттын атасы Асылбек Супатаев билдиргендей, анын баласы кыргыз жана Каракол шаарында туулган.

Казакстандын КТК телеканалы кыргыз депутаты кармалып жатканы чагылдырылган телесюжет жарыялашып, анда журналисттер Асылбек уулун «аткезчилердин ана башы» деп аташкан.

«Иштин материалдары боюнча, ал [Асылбек уулу] Кытайдан Казакстанга жана Орусияга бажы жана чек арадан айланып өткөн аткез товарларды киргизип жүргөн трансулуттук кылмыштуу топтун башчысы. Тергөөнүн версиясы боюнча, ага бул иште башка кыргызстандык Уланбек Мурадилов жардам берген», — деп айтылган материалда.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Асылбек уулу казак жарандыгын «сатып» алган.

Кыргызстандын парламентинен бул ишке кийлигишпестерин билдиришкен, бирок «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Батырбеков Асылбек уулунун аткезчилердин тобуна байланышы жок болушу мүмкүн деп кабарлаган. Батырбековдун айтымында, анын кесиптеши спортко байланыштуу иштер менен Алматыга кеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, депутатты Казакстандан Асылбек уулунун кош жарандыгы боюнча документти алышкандан кийин гана мандаттан ажыратышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: