Жээнбеков Самарагейт тууралуу «билбестигин» айтты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында КСДПнын штабында. Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо өнөктүгү учурунда өкмөттүк серверде жайгашкан samara.kg («Самара») сайты жөнүндө ага эч нерсе белгисиз экенин билдирди.

Жээнбеков 6-мартта Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Президент «Клооптун» башкы редакторунун Самарагейт тууралуу тергөө иши кандай өтүп жаткандыгы жөнүндө суроосуна жооп берип жатып «Самара» жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

«Бардык жамандыктарды унутуп калам», — деди ал. Жээнбековдун жообу «Самара» боюнча иликтөөгө карата билдирген алгачкы реакция болуп калды.

Жээнбековго чейин президенттик кызматта отурган Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда өзүнүн акыркы басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Самара» тууралуу маалыматты иликтеп жатканын билдирген.

«"Клоптогу" жолдоштор, ал менен УКМК алектене баштады. Мына көрөсүңөр, ал жакта байланыш Сооронбай Жээнбеков менен эмес, силердин тарапка барып бурулуп калышы мүмкүн. УКМК бул менен алектенүүдө. Бул уюшулган атайын чагым… Келгиле, иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туралы», — деп билдирген ошондо Атамбаев.

УКМК азырынча «Самара» боюнча иликтөөнүн эч кандай жыйынтыктарын чыгара элек.

«Самара» тууралуу иликтөө

«Клооптун» редакциясы 26-октябрда Кыргызстандын өкмөтүнүн серверинде бир ай бою мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылганын далилдеген иликтөөнү жарыялаган.

Сайтта кыргызстандыктардын паспортторунун номерлери, аты жөндөрү, ИНН маалыматтары болгон. Ошондой эле бул сайт президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков менен ыктымал байланышы болгон болушу мүмкүн.

Өкмөттүк сервердеги тышкы сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү өткөн шайлоодогу үгүт кампаниясынын жүрүшүн олуттуу жеңилдетиши мүмкүн болгон жана ошондой эле, Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептеген.

МКК журналисттердин иликтөөсүн «жаңы шайлоо технологиясын дискредитациялоо аракети» деп атап, анын артында «эски убактарды эңсеген белгилүү бир саясий күчтөр турат» деп билдирген.

Иликтөөгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да кызыгып, «Самара» тууралуу материалдын авторлорунун бири Ринат Тухватшинди чакырып, көрсөтмө алышкан.

МККда иликтөөнүн авторлорун сотко берүүнү убада кылышкан, бирок сотко арыз түшө элек.


ТЕМА БОЮНЧА: