Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев стадионунда 7-март күнү «Алай» футбол клубу менен Түркмөнстандын «Алтын Асыр» командасы АФК-2018 кубогунун тандап алуу баскычында жолугушту. Кыргыз футболчулары биринчи беттешүүдө 6:3 эсебинде жеңиштен кол жууду.

Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылдагы кубогунун тайпалык тандоо мелдештери башталды. «Алай» өз талаасында түркмөнстандык «Алтын Асыр» футбол клубун 7-мартта кабыл алды.

Конок талаасында ойногон «Алтын Асыр» атаандашын 6:3 эсебинде утту.

Мелдеште түркмөнстандык чабуулчу Мурат Якшиев менен борбордук жарым коргоочу Алтымырат Анадурдыев атаандашынын дарбазасына экиден гол киргизип өзгөчөлөнүштү.

Биринчи тайм

Оюндун биринчи таймынын 11 жана 19-мүнөттөрүндө «Алтын Асырдын» чабуулчусу Мурат Якшиев «Алай» клубунун дарбазасына топ киргизди.

«Алай» клубунун чабуулчусу Ильяз Алимов матчтын 38-мүнөтүндө өз командасына биринчи голду алып келди.

Эки мүнөттөн кийин түркмөнстандык жарым коргоочу Алтымырат Анадурдыев атаандашынын дарбазасына гол сайып, «Алтын Асыр» 3:1 эсебинде алдыда чыкты.

Экинчи тайм

Беттештин экинчи таймынын 3-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына «Алай» клубунун чабуулчусу Жоэл Коко топ киргизип, оюн эсебин 3:2ге чыгарды.

Беш мүнөттөн соң кайрадан эле «Алтын Асырдын» чабуулчусу Мурат Якшиев үчүнчү голун киргизип, эсепти 4:2 кылды.

Ал эми «Алайдын» чабуулчусу Максат Алимов экинчи таймдын 14-мүнөтүндө клубунун эсебине бир гол кошту.

Кыргыз клубунун дарбазачысы матчтын 41-мүнөтүндө «Алтын Асыр» клубунун борбордук жарым коргоочу Алтымырат Анадурдыевдин голун өткөрүп жиберди.

Андан көп өтпөй эле түркмөнстандык футболчу Бегмырат Байов командасына алтынчы голун алып келип, оюн 6:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Ушул эле күнү Бишкек убактысы боюнча 19:00дө тажикстандык «Истиклол» Гиссар шаарындагы өз талаасында Түркмөнстандын «Ахал» футбол клубун кабыл алат.

«Алай» клубу D тайпасында беттешет

«Алай» футбол клубу АФК-2018 кубогунун тандап алуу мелдештеринде D тайпасына түшкөн. Анда ал түркмөнстандык «Алтын Асыр», «Ахал» жана тажикстандык «Истиклол» клубдары менен беттешет.

Азырынча D тайпасында «Алтын Асыр» клубу 3 упай менен алдыда баратат.

1960-жылы Оштун командасы деп түзүлгөн топ жети жылдан соң «Алай» деген аталышты алган. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана өлкө кубогуна ээ болгон.

«Алтын Асыр» футбол клубу Ашхабад шаарында 2008-жылы негизделген. Түркмөнстандын жогорку лигасында ойнойт. Түркмөнстандын Байланыш министрлигинин командасы. Өзүнүн тарыхында үч жолку өлкө чемпиону жана эки жолку президенттик кубоктун ээси аталган.