Ош шаарында 8-март күнү «Мен эркин бойдон төрөлгөм!» аталышындагы тынчтык жөө жүрүшү болуп өттү. «Жаңы толкун» уюму уюштурган маршка 30га чукул жаштар катышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары коомчулукка «8-март жаздын күнү эмес, аялдардын укуктарын эске салуу күнү» деген чакырыктары менен эл аралык аялдар күнүнүн түпкү маңызын жеткиргибиз келет дешти.

Анда жаштар «Адам укугу — аял укугу», «Биз аялдарга карата жасалган зомбулукка каршыбыз», «Мен объект эмес, аялмын», «Мен алсыз эмесмин, аялмын», «8-март эркектердин аялдарга гүл берүү күнү эмес, алардын укуктарын эскерүү күнү» сыяктуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазылган лозунгдарды көтөрүп чыгышты.

Тынчтык жөө жүрүшүнүн катышуучулары «Жаңы толкун» уюмунун кеңсеси жайгашкан Фрунзе районунан Курманжан-Датка көчөсү менен Ош облустук Токтогул Сатылганов атындагы китепканага чейин басып өтүштү.

Уюштуруучулардын бири Чолпон Кожошеванын айтымында, бул Ош шаарында экинчи жолу өткөрүлүүдө.

«Мындай жөө жүрүш былтыр дагы өткөрүлгөн. Аны Ош шаарынын тургундары аялдардын укуктары жөнүндө унутпашы үчүн уюштуруп жатабыз. Себеби бул дата аялдардын укуктарын коргоодон улам кетип чыккан. Биз болсо жаздын келиши деп майрамдап калдык», — дейт Кожошева.

Сүрөт: Айбике Амангелди кызы/Kloop.kg

«Мен 3-курстун студентимин. Бул жөө жүрүшкө курбум чакырды. Менин максатым — тең укуктуулуктун сакталышы. Биздин өлкөдө дискриминация өтө көп. Мен өзүм дагы дискриминацияга кабылганмын, ошол үчүн жаштарды колдогону келдим», — деди жөө жүрүштүн катышуучулардын бири Динара.

Ислам жөө жүрүш тууралуу угаары менен дароо кызыгуу жаралганын айтат. Көчөнү улай аялдардын укуктарынын сакталышы туурасында чакырык айтып басуу үйдө отурганга караганда пайдалуу дейт ал.

Сүрөт: Айбике Амангелди кызы/Kloop.kg

Жөө жүрүшкө кошулгандардын бири Дилдора Хамидова эрте турмуш курууга мажбур болгон кыздардын укуктарынын сакталышын талап кылганы чыкканын айтат.

«Биз коомчулуктун көңүлүн кыздарга жана аялдарга карата жасалган зомбулукка бурдурууну көздөйбүз. Өзгөчө түштүк аймагында аялдар менталитеттен улам кысымга көп кабылат, аларга тыюулар дагы көп. Эркектер сыяктуу эле, кыздар да төрөлгөндөн баштап эркин болушу керек», — деп токтолду Хамидова.

Сүрөт: Айбике Амангелди кызы/Kloop.kg

Маршта кыздардын укуктарын коргоо үчүн «ИнтерБилим» эл аралык борборунун юристи Саид Расаходжаев да коштоп чыккан.

«Ар бир адам тынчтык жөө жүрүшүнө, митингге, акцияга чыгууга укуктуу. Эгерде адамдар өз ойлорун айтууну кааласа, бул алардын эрки. Адам укутары үчүн миң жылдар бою күрөшүп келишкен, аны бузуу эң оор кылмыштардын бири болуп саналат», — деди Расаходжаев.

Бул күнү юристтен сырткары жөө жүрүшкө чыккан жаштардын коопсуздугун коргоо үчүн милиция кызматкерлери кызматтык унаасы менен коштоп жүрүштү.

Жөө жүрүшкө чыккан улан-кыздарды коомчулук таң калуу менен карап жатты. Алардын арасында чакырыктарды коштоп кыйкыргандар болгону менен сырттан келип кошулган адам байкалган жок.

Беш километрге созулган жөө жүрүштөн соң облустук китепканада үй-бүлөдөгү зомбулук, гендердик стереотиптер жана дискриминация темаларында трафарет жана комикстердин көргөзмөсү болуп, аялдар үчүн өзүн-өзү коргоо ыкмалары боюнча өткөрүлгөн мастер класс менен аяктады.

2017-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча алгачкы беш айда 100 кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Айбике Амангелди кызы/Kloop.kg

Кыргызстанда күнүгө турмуш куруу максатында кыздарды ала качуу боюнча 32 учур катталат. «Аялдарга жардам берүү борбору» менен «Кыз коргон» институтунун маалыматтарына ылайык, алардын алтоосунда кыздар зомбулукка кабылышат.

Ош шаарындагы «Жаңы толкун» коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Алардын максаты — тең укуктуу жана адилеттүү коомду түзүү үчүн жаштардын идеяларын ашырууга демократиялык аянтча куруп берүү.