УКМК бюджеттен 217 млн сом уурдоо иши боюнча шектелген жети адамды кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери бюджеттен 217 млн сом уурдоо иши боюнча шектелген жети адамды колго түшүрдү. Буга чейин УКМК салык жана бажы кызматтарында тинтүү жүргүзүп, ошондой эле, «Полларис» жана «Интеррустрейд» фирмаларынын кеңселерин жана «Дордой» базарында кампаларды текшерүүгө алган.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 6-7-марттарда салык кызматынын беш кызматкери менен «Полларис» жана «Интеррустрейд» компанияларынын эки кызматкери кармалышкан. Бишкектин биринчи май райондук соту аларга 8-мартта УКМКнын тергөө абагына камоо түрүндө баш коргоо чарасын чыгарган.

Кармалгандардын бардыгы көз боёмчулук жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча шектелишүүдө.

УКМКнын кызматкерлери 6-мартта бюджеттен 217 млн сом уурдоо иши боюнча «Дордой» базарында, салык жана бажы кызматтарында тинтүү жүргүзүшкөн.

УКМКнын маалыматына ылайык, жеке компаниялар товарларды киргизүүдөгү Кошумча наркс салык (КНС) боюнча отчетторду аффирленген жактарга катташкан, ал эми алар өз кезегинде салыкты жеке төлөмдөрү катары чагылдырышкан. Бул «төлөмдөр» кийинчерээк өлкөнүн бюджетинен кайтарылып турган.

«Бул схема боюнча, айрым юридикалык тараптар Кытай Эл Респуликасынан товарды импорттоодо келип чыккан кошумча нарк салыгын (КНС) ашыкча төлөп алгандыгы боюнча жалган отчетторду салык органдарына берип турушкан», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.


ТЕМА БОЮНЧА: