Бир кадр менен: Фототузак тоо эчкисин жеп жаткан ак илбирсти тартып калган

Сүрөт: «Пантера» жапайы жаныбарларды коргоо фонду

Фототузак Талас облусунун бийик тоолорунда байырлаган тоо эчкисинин этин жеп жаткан ак илбирсти сүрөткө тартып калган. Экологдор камераларды бул аймактарга ак илбирстердин бар же жогун аныктоо үчүн декабрь айында орнотушкан.

Экологдордун эсеби боюнча, жалпысынан дүйнө жүзү боюнча 3,5 миң ак илбирс бар, алардын ичинен 500ү Кыргызстанда байырлайт. Бул мышык «жоголууу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары 1997-жылы Кызыл китепке киргизилген.