Өкмөттүн аппарат башчысы отставкага кетти

Нурханбек Момуналиев. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев «эл аралык деңгээлдеги документтерди даярдоодогу олуттуу кемчиликтердин» айынан кызматтан кетүү боюнча арызын тапшырды. Ошондой эле, премьер-министр Сапар Исаков ушул эле себептерге байланыштуу өкмөттүн бөлүмдөрүнүн дагы эки жетекчисин бошотту.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, Сапар Исаков 12-мартта президент Сооронбай Жээнбековго Нурханбек Момуналиевди өкмөттүк аппараттын жетекчилик кызматынан бошотуу боюнча сунушун жөнөткөн.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков анын арызын качан карай турганы азырынча белгисиз.

Ал эми Момуналиев өзү «Кактус» басылмасына эл аралык документтерди даярдоодо кетирилген каталар үчүн кызматтан кетүүнү чечкенин түшүндүргөн.

«Мен кетүүнү чечтим, себеп дегенде өкмөттүн аппараты тарабынан эл аралык деңгээлдеги документтерди даярдоодогу олуттуу кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти сезип атам», — деп билдирген Момуналиев.

Момуналиев жакында эле «Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда миграция тармагы боюнча комптетенттүү органдарды түзүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда каталар кетирилгенин жана буга чейин ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө кирген мөөнөтү башка документте каталар менен жазылганын мойнуна алды.

Мындан тышкары, премьер-министр 12-мартта Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим жөнүндө мыйзам долбоорундагы каталардын айынан социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматкановду да ээлеген кызматынан бошотту.

Буга чейин парламенттин депутаттары «одоно» каталары бар мыйзам долбоорун алып чыгып, аны президенттин кол коюусуна жөнөткөн юстиция министри Уран Ахметовду сынга алышкан. «24.kg» басылмасы ырастагандай, документти даярдоого Момуналиев өзү жоопту болгон.

Бул аткаминерлердин эл аралык документтерди түзүүдөгү биринчи эле катачылыгы эмес. Январдын башында Исаков экономика министри Артем Новиков менен Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш жарыялап, ЕАЭБ иштери боюнча өкмөттүк аппараттын бөлүмүнүн беш кызматкерин ЕАЭБдин Бажы кодексинин күчүнө кирген мөөнөтүн туура эмес көрсөтүшкөнү үчүн жумуштарынан бошоткон.


ТЕМА БОЮНЧА: