Ош: Бала бакча курууда аткаминерлер 3,9 млн сомду ыйгарып алышкан

Ош облусунун прокуратурасы акчаларды мыйзамсыз ыйгарып алуу жана бала бакчанын курулушунун баасын жогорулатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Аткаминерлер мамлекетке 3,9 млн сом өлчөмүндө зыян тийгизишкен.

Көзөмөл орган Ош облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Акжар айлында бала бакча куруу үчүн «Э.Н» компаниясы менен 20,6 млн сомго келишим түзүшкөнүн аныктаган.

Бирок имаратты курууда аткаминерлер менен курулуш компаниясы иштин баасын 3,9 млн сомго жогору көрсөтүшкөн. Ошентип, бала бакчанын курулушу белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрүлбөй калган.

Прокуратура «Кызматтык жасалмалоо», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Ишенип берилген мүлктү ыгарып алуу же коротуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: