ЖМК: КСДП өз курултайын 31-мартта өткөрөт

Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын курултайы алдын ала маалыматтарга ылайык, 31-мартта өтөт. Анда партиянын мүчөлөрү экс-президентти КСДПнын төрагалык кызматына бекитиши (же бекитпеши) керек.

Курултай боюнча маалыматтын булагы парламенттеги КСДПнын депутаты Марат Аманкулов болуп калды. Ал бир нече ЖМКларга билдиргендей, иш-чара алдын ала 31-мартка дайындалган.

«Бул аптада партиянын саясий кеңеши чогулушу керек жана ошондо биз биротоло мөөнөтүн бекитебиз», — деп билдирген ал «24.kg» басылмасына курган маегинде.

Курултайдын башкы темаларынын бири Атамбаевдин КСДПнын төрагалыгына дайындалышы болуп калат. Мурдагы өлкө башчысы бул кызматты өзүнүн президенттик мөөнөтүнө чейин ээлеген, ал эми өлкөнү башкарып турган кезинде социал-демократтар — бул өз партиясы экенин жашырган эмес.

Өткөн жылдын декабрь айында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Атамбаев — партиянын төрагалык кызматына жалгыз талапкер экенин билдирген. Ал эми Ниязов өзү КСДПда иштеш үчүн өз кызматынан кеткен.

Атамбаев 2017-жылдын 20-ноябрында өзүнүн жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында кийинки парламенттик шайлоого депутаттарды даярдай турганын жана алар менен кошо тизмеде биринчи болуп барышы мүмкүн экенин билдирген.

Партиянын курултайы белгисиз себептерден улам бир нече жолу жылдырылган. Башында иш-чара январдын аягына андан кийин февралдын аягына белгиленген.


ТЕМА БОЮНЧА: