Бишкекте 2017-жылы дээрлик 3 миң бак-дарак кыйылган

Бишкекте бактарды кыюу

Февраль айында шаар мэри Албек Ибраимов 2018-жылы Бишкекте 2,5 миң бак-даракты кыюу пландалып жатканын билдирген.

«Бишкек жашылдандыруу» муниципиалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева билдиргендей, 2017-жылы жолдордун реконструкцияланышынан улам Бишкекте 2 миң бак-дарак кыйылган, алардын ичинен 840 дарак авариялык абалда болгон.

«Ошол элек маалда шаардын көчөлөрүнө 10 миң 208 көчөт отургузулган», — деп кошумчалады Жолдошева.

Анын айтымында, жыл башынан бери шаар бийлиги 500 бак-дарак тиккен, ал эми жалпысынан бул жылы Бишкекте 11 миң 667 көчөт отургузуу пландалууда.

Февраль айында Бишкектин мэри Албек Ибраимов 2018-жылы жолдорду кеңейтүү жана реконструкциялоо үчүн бийлик 2,5 миң бак-даракты кыюуну пландап атканын билдирген.

Бишкектиктер бактардын кыйылышы үчүн мэрия менен Ибраимовду бир нече жолу сынга алышкан.

Мэрия 2017-жылдын май айында жолду кеңейтүү максатында Токтоналиев көчөсүндө миңден ашуун бак-даракты кыюуну пландаган. Бирок жарандар наарызылык билдирип чыгышып, кыйыла турчу бактардын саны кыскартылган.

Активисттер 2017-жылдын сентябрында бак жок жерлерде имараттар менен жолдордун темепературасын салыштырып, тепловизор менен эксперимент өткөрүшкөн. Күн тийбеген жерлерде температура 20 градусту көрсөтүп турган болсо, имараттар менен жолдордо абанын температурасы +26 градус болуп ысыганын көрсөткөн.

Экологдор менен Бишкектин тургундары бактардын тамырларын асфальтташып, брусчатка менен бастырып жатышканына арызданышкан. Анткени, бул дарактардын кургап, кулап кетүү коркунучу бар экенин, жок эле дегенде ошол асфальтталган жерди нымдуулук издеген тамыр бузуп салат деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: