БШК талапкерлердин персоналдык маалыматтарын текшерүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) депутаттыкка талапкерлер өздөрүнүн персоналдык маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө макулдук берише турган милдеттүү талапты киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары, БШК башка өлкөнүн жарандыгы бар экенин жашырган талапкерлер үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү пландоодо.

БШКдан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, комиссия депутаттыкка талапкерлер жөнүндө маалымат тапшыруу формасына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Форманын жаңы редакциясында талапкер өзүндө башка өлкөнүн жарандыгы жок экенин жана соттолгон же соттолбогону боюнча маалыматты көрсөткөн бөлүм пайда болот.

«Депутаттыкка талапкерлер БШКга тапшырып жатышкан маалыматтар үчүн жеке жоопкерчилик тартышат», — деп билдиришти БШКдан.

Эгерде Боршайкомдун демилгеси кабыл алына турган болсо, анда депутаттыкка талапкерлер да персоналдык маалыматтарын тапшыруу жана иштетүүгө макулдуктарын берип калышат. Ошентип БШК депутаттык мандатка талапкерлерден түшкөн маалыматттардын чын-төгүнүн текшерет.

Боршайком декабрдын аягында билип туруп кош жарандуулукту жашыруу үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштаган. Комиссия мындай чаралар абийирсиз депутаттыкка талапкерлерге жол бербөөгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Бул чараларды БШКда Казакстанда 16-февралга караган түнү кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалгандан кийин иштеп чыгышкан.

Кийинчерээк казак бийлиги кыргыз кесиптештерин кармалган депутатта Казакстандын жарандыгы бар экени жөнүндө кабардар кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: