Ошто «Йакын Инкар» агымынын тогуз мүчөсү 4 жылга чейин кесилди

Ош шаардык соту «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын эки мүчөсүн төрт жылга, дагы жетөөсүн үч жылга эркинен ажыратты.

Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн жана Араван райондорунан 2017-жылдын 15-июнунда кармалган «Йакын Инкар» диний агымынын 16 мүчөсүнүн тогузуна сот өкүмү чыкты.

Ош шаардык соту 2018-жылдын 1-мартында алардын экөөсүн 4 жылга, калган жетөөсүн 3 жылга эркинен ажыратты.

Аларга «топ болуп диний жана улут аралык кастыкты козутуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева «Клоопко» маалымдагандай, учурда калган жети шектүүгө карата тергөө иштери уланууда.


ТЕМА БОЮНЧА: