«Электр тармактар» ишканасы 14,5 миң доллар делген камералар боюнча үн катты

Бишкек ЖЭБи

Депутат Акылбек Жамангулов билдиргендей, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жаңы блогуна ар бири 14,5 миң доллар турган 128 камера орнотулган. Бирок «Электр тармактар» ишканасынан депутаттын маалыматтарын четке кагышып, бир камеранын баасы 300 долларды түзгөнүн билдиришти.

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында Жамангулов жылуулук борборунун өкүлдөрүнө кайрылган.

Анда Жамангулов эмне үчүн камераларды 14,5 миң доллар баада сатып алышканын жана бул сатып алуунун «логикасы эмнеде» экенин сураган.

Материалды чыгараар алдында депутаттын өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Бирок «Электр тармактар» ишканасынын басма сөз кызматы 13-апрелде депутаттын маалыматтарын төгүндөп, ЖЭБдин жаңы блогуна чынында эле 128 камера сатылып алынганын, бирок бир камеранын баасы 300 долларды түзгөнүн түшүндүргөн.

«ТВЕА компаниясы тарабынан көрсөтүлгөн баалар тизмегинде 128 видеокамеранын баасы 38 400 долларды түзөт», — деп айтылат ишкананын маалыматында.

ЖЭБде видеокамераларды орнотуунун жалпы баасы 1 млн 738 миң долларды түзгөн.

ЖЭБди жаңылоо боюнча директор Темирлан Бримкулов 13-мартта видеобайкоонун орнотулушунун баасын ал «дүйнөлүк талаптарга» жооп берет деп түшүндүрдү.

«Булгануунун айынан жогорку ылдамдыктагы камералар орнотулду. От казандарда күйүү процессин жана 1000 градус ысыкка чейин бышыктуулугун көрсөткөн камералар орнотулган», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Бримкуловдун айткандарын.  

31-январда депутаттар Бишкек ЖЭБин жаңылоого кеткен чыгымдарды изилдөө үчүн парламенттик комиссия түзүшкөн. Ал эми ага 386 млн АКШ доллары кеткен. Бул каражаттарды насыя катарында Кытай берген жана Кыргызстан бул акчаны 20 жылдын ичинде кайтарып бериши керек.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

Өкмөт күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрүүнү убада кылган. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директор Алмаз Жусупбековду кармаган.


ТЕМА БОЮНЧА: