Апрелден тарта авто унааларды каттоонун баасы 1000 сомго чейин түшөт (бирок үч айга гана)

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча департамент 2-апрелден тарта машиналарды каттоонун баасын 1000 сомго чейин арзандатат. Бийлик мындай жол менен авто унаалардын ээлерин сатылып алынган машиналарын өздөрүнө каттатып алууга мүмкүндүк бергени жатат, анткени жол эрежесин бузуу үчүн штрафтар машиналардын ээлерине келип турат.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча департаменттин директорунун орун басары Үсөйүн Касымалиев билдиргендей, машиналарды каттоонун баасы 300-1000 сомду түзүп калат. Мындай тарифтер үч айга киргизилди, баалар машинанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жана анын чыгарылган жылына жараша болот.

«Учурда каттоонун баасы 2,5 миң — 5 миң сомду түзөт. Ага бир пайыздык жыйым, банктык акылар, номер берүү жана техникалык паспорт кирет. Жыйым 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Техникалык паспорт менен мамлекеттик номерлердин эскилери калтырылат», — деп келтирди «24.kg» басылмасы Касымалиевдин айткандарын.

Бийлик машиналарды кайра каттатуунун баасын арзандатат, анткени өлкөнүн жолдорунда жол кыймылдынын эреже бузууларын каттаган видеокамералар пайда болушу менен штрафтар машина кимге катталган болсо ошонун дарегине келе баштайт.

Өкмөттүн планына ылайык, алгач авто унааны кайра каттоонун баасы төмөндөтүлөт, андан соң авто унааны катоосу жок башкаруу үчүн штрафтар пайда болот.

Кыргызстанда авто унааларды ишеним кат аркылуу сатуу практикасы бар — ээлик кылган адам нотариус аркылуу транспортко ээлик кылуу укугун сатып алуучуга берет, бирок ошол эле учурда машинанын юридикалык ээси болуп кала берет.

Ишеним кат аркылуу сатуу практикасы арзандыгы жана жол-жоболордун тездиги менен түшүндүрүлөт, ошол эле кезде толук каттоого алуу кымбат жана бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулуп, абдан эле жай өтөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек менен Оштун жолдорунда жол кыймылынын эреже бузууларын каттаган камералар орнотула турганын бир нече жолу айткан. Бирок «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашыруу мөөнөтү дайыма жылдырылып келет. Бийлик 13-мартта жолдордо камералар качан пайда болушун билбеситигин маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: