Бишкек — Ош жолуна 2,5 млн куб метр кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Сүрөт: ӨКМнин маалымат кызматы

Чычкан капчыгайына 13-мартта көлөмү 2,5 млн куб метрге чукул кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек — Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 млн куб метр кар көчкү түшүп, автожол убактылуу жабылганын ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» билдирди.  

«Жеринде жалпы 40 куткаруучу, төрт атайын кызматкер жана төрт техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, көчкүдөн жабыркагандар жок», — деди Шерипова.

Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмү Оштон Бишкекти көздөй бара жаткан унааларды артка кайтарууда.

«Кара-Көл шаарында 25 даана оор жүк ташуучу жана 110 жеңил унаа токтоп турат. Токтогулдун Арал постунда 50 оор жүк ташуучу, 60 жеңил унаа, Базар-Коргон жана Сузакта 25 оор жүк ташуучу жана жети автомобиль кармалууда», — деп токтолду басма сөз катчы.

Шерипова кошумчалагандай, учурда айдоочуларга Бишкек — Ош жолуна чыгуу сунушталбайт жана автожол качан ачылаары белгисиз.  


ТЕМА БОЮНЧА: